Айыл чарба товарларын өндүрүүчү кооперативдин мамлекетке 4 миллион сомдон ашуун зыян келтиргени аныкталды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча башкармалыгы айыл чарба товарларын өндүрүүчү “Кумар” кооперативинин жетекчилиги мамлекетке 4 миллион сомдон ашуун зыян келтиргенин аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, салыктык текшерүү иштеринин жыйынтыгы менен аталган кооперативдин жетекчилиги салык төлөөдөн баш тартып жаткандары аныкталган. Учурда бул факты боюнча аталган башкармалыктын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан