Кара-Көл шаарындагы аллеянын курулуш иштеринде мамлекет 1 миллион сомдон ашык зыян тартканы аныкталды

Кара-Көл шаарындагы аллеянын курулуш иштеринде мамлекет 1 миллион сомдон ашык зыян тартканы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан бүгүн, 4-ноябрда билдиришти.

Маалыматка караганда, Кара-Көл шаардык мэриясы жеке ишкана менен аллеянын курулуш иштери боюнча келишим түзүшкөн. Анын негизинде ишканага 5 миллион сомго жакын акча каражаты которулган. Эксперттердин баамында, аллеяны куруу иштеринде мамлекет 1 миллион 137 миң сом зыян тарткан. Учурда Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
future_kg
2014-11-04 21:20:02
Толомор дегени эмне?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан