Ошто мыйзамсыз ишкерлик менен алектенип 1,5 миллион сомдон ашуун киреше тапкан жеке ишкер кармалды

Ош жана Баткен облус аймактарында мыйзамсыз ишкерлик менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Б.Э. аттуу жаран эч кандай лицензиясы жана тиешелүү документтери жок шагыл, кум жана таштарды каздыртып сатып келген. Аталган ишкер салык төлөөдөн баш тартуу менен 1 миллион 680,6 миң сом киреше тапканы айтылууда.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан жеке ишкерге 180-берененин 2- пункту (мыйзамсыз ишкердик кылуу, өтө ири өлчөмдө киреше алуу менен коштолгондо) боюнча кылмыш иши козголду. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurkasym-2014
2014-11-04 17:03:02
Жергиликтуу бийлик кайакты карап отурат.Алар алчусун алып журушкон да.Кантип ушундай чон иш кылып аткан ишкер алардын козуно корунбосун.Карапайым элден бироо мыйзамдын негизинде иш кылам десе да ага жол беришпейт же андай эмеспи мекендештер.Баарынын сураганы пара,пара ж-а да пара.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан