Сокулук районунда “унаа уурдаган” деген шек менен 27 жаштагы айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Чүй облусунун Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Сокулук РИИБине арыз менен 1953-жылы туулган жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал үйүнүн жанына токтотулган Хонда үлгүсүндөгү унаасын түн ичинде белгисиз адам уурдап кеткенин айткан.
Жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында издөөгө берилген унаа Жол-кайгуул кызматкерлери тарабынан токтотулган. Унааны 1987-жылы туулган Чолпон-Ата шаарынын тургуну башкарып бара жатканы аныкталган. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.