“Жогорку окуу жайга өткөрүүнү убадалап 7500 доллар пара алган” деген шек менен эки окутуучу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда КРнын ИИМинин басма сөз кызматы билдирди.Маалым болондой, 2014-жылы жайында Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин жана башка жеке жогорку окуу жайдын окутуучулары абитуриентке Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине өткөрүүгө жардам көрсөтөрүн билдиришип, андан 7500 доллар алышкан. Бирок мындан кийин алар ар кандай шылтоолорду айтышып, өз убадасын аткарбай коюшкан.
Милиция кызматкерлери пара алуу фактысы боюнча иликтөө жүргүзүп, октябрдын соңунда кылмышка шектүүлөр колго түшүрүлгөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "мыйзамсыз сыйлык алуу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.