Жылнаама, 5-ноябрь: Мындан 8 жыл мурун Ирак соту “адамзатка каршы кылмыш жасады” деген айып менен Саддам Хусейнди өлүм жазасына кескен

* Мындан 76 жыл мурун, 1938-жылы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башында тургандардын бири, Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы, кыргыз калкынын көрүнүктүү уулу, таанымал саясий жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов бейкүнөө атылып кеткен.
* Мындан 58 жыл мурун, 1956-жылы саясий ишмер Азимбек Бекназаров Аксы районуна караштуу Кара-Суу айылында туулган. 1982-жылы Ташкенттеги юридикалык техникумду, 1991-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридика факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1977-жылы "Кызыл-Туу" совхозунда жумушчу болуудан баштаса, ал эми 1984-1991-жылдары Жаңы-Жол районунда сот аткаруучу болуп сот системинде эмгектенген.
* Мындан 101 жыл мурун, 1913-жылы англиялык актриса Вивьен Ли Индиянын Дарджилинг шаарында төрөлүп, 1967-жылы 7-июлда 53 жаш курагында Лондондо көз жумган. Вивьен Ли "Унесённые ветром" (1939) тасмасындагы Скарлетт О’Харанын, "Трамвай "Желание" киносундагы Бланш Дюбуанын ролдору үчүн эки ирет "Оскар" сыйлыгына арзыган. Андан сырткары актриса "Корабль дураков", "Анна Каренина", "Цезарь и Клеопатра", "Леди Гамильтон", "Двадцать один день" жана башка тасмаларда мыкты ролдорду жараткан.
* Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы Ирак соту “адамзатка каршы кылмыш жасады” деген айып менен Саддам Хусейнди өлүм жазасына кескен. Тагыраак айтканда, 1982-жылы Саддамдын өмүрүнө кол салган Дуджайл кыштагындагы 148 адамды өлтүрүүгө буйрук бергендиги үчүн Ирактын экс-лидерине күнөө коюлган. Бирок Саддам өлүм жазасы дарга асуу жолу менен эмес, ок атуу менен ишке ашырылышы керек деген оюн ортого салган. Анын айтуусуна караганда, ал кылмышкер эмес, аскер адамы болгондуктан, октон көз жумууну татыктуу өлүм деп эсептеген. Иракты 24 жыл башкарган Саддам Хусейн 2006-жылы 30-декабрда Багдад шаарында таңкы саат 6:00дө дарга асылган. Саддамдын өлүмүнө анын адвокаттары, дарыгерлери жана айрым расмий бийликтин өкүлдөрү күбө болушкан. Өлүм жазасын аткаруу процесси видеотасмага тартылып, Ирактын аскер базасында ишке ашырылган. Себеби Ирактын экс-президентинин өлүмүнө айрымдар ишенбей коюшат деген кооптонуулар пайда болгон. Күбөлөрдүн айтымында, дарга асууда Саддам эч кандай каршылык көрсөткөн эмес. Бир гана колундагы ыйык Куран китебин өзүнүн досуна берүүнү жана өлүм жазасын аткарууда башына кап кийгиз­бөөсүн суранган экен. Ирактын экс-президенти өлүм алдында акыркы сөзүн сүйлөөдөн баш тартып, "Жараткандан башка Кудай жок жана Мухаммед анын элчиси" деп келме келтиргенин Ирактын премьер-министринин кеңешчиси билдирген. Анын айтымында, “биздин улут жеңет жана Палестина арабдардын гана аймагы болот” деген сөздөр Саддамдын оозунан акыркы минуталарда чыгып жаткан. Дал ушул учурда өлүм жазасын ишке ашырчулар Саддамдын мойнуна кара чү­пү­рөк байлашып, сыйыртмакты салышкан. Жанындагы беттери чүмбөттөлгөн жигиттердин бири рычагды ылдый басканда Саддамдын алдындагы люк ачылып, ал терең жакка түшүп кеткен. Эки-үч метр тереңдикте 10 мүнөттөй асылып тургандан кийин экс-президенттин дарыгери анын тамырын кармап көрүп, о дүйнөгө чындап эле сапар алганын айланадагыларга тастыктаган.
* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы АКШнын Техас штатындагы аскердик "Форт-Худ" майданында массалык өлтүрүү болуп өткөн. Анда 39 жаштагы аскердик врач-психиатр, АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн майору Нидал Малик Хасан 13 кызматкерди атып өлтүрүп, 32син жарадар кылган. 2011-жылы 26-январда Нидал Малик Хасан "акыл-эси ордунда, өзүнүн кылган кылмышы үчүн жаза тартууга жөндөмдүү" деп табылып, 2013-жылы 28-августта өлүм жазасына буюрулган.
5-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан