Ошто эки медицина кызматкери “пара алган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 4-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган эки кызматкер бейтапты операция кылуу үчүн тууганынан 7 миң сом сураган. Бирок операция ийгиликтүү болгон эмес. Бейтап эсине келбей каза тапкан. Учурда кылмышка шектүүлөр кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Кылмышка шектүүлөрдүн бири Ош шаардык клиникалык ооруканасынын бөлүм башчысы, экинчиси анестезиологдун жардамчысы болгон.