Токмок шаарындагы жол кырсыгынан айдоочунун жанындагы жүргүнчү кыз жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Чүй облустук жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 3-ноябрда түнкү саат 1лер чамасында Фольксваген үлгүсүндөгү унаанын 1987-жылы туулган айдоочусу рулду башкара албай калган. Анын кесепетинен унаа жолдон чыгып кетип, бакты сүзгөн. Айдоочунун жанындагы 1993-жылкы жүргүнчү ар түрдүү жаракаттарды алып, жергиликтүү ооруканага жеткирилген.