Ырчы Бегимай Бекбоева жол кырсыгына кабылып, ооруканада 10 күн жатканын бүгүн, 4-ноябрда SUPER.KG порталына билдирди.
Бул кырсыктан баш мээси чайкалып, мурду сынган Бегимай Бекбоева: "Шаардан такси жалдап Кеминге тойго барып, түн бир оокумда үйгө кайтып келатканда жол кырсыгына кабылдым. Жолдун ортосунда трактор туруптур. Караңгыда ал көрүнгөн эмес. Аны сүзүп албайын деп айдоочу тез бурулду эле, унаа 2 жолу ала салып кетти. Жыйынтыгында баш мээм чайкалып, бутумдун томугу кокустап, мурдум сынып, көк ала болуп ооруканага жатып калдым. Мурдумдун сынганы макияжы жок жүргөндө билинет, түзөтөйүн десем "бетиң аябай көк ала болот" дешкенинен чоочуркап турам. Учурда ден соолугумдун абалы жакшырып баратат.
Окуяда айдоочу да жабыркап, башынан жаракат алды. Бул кырсыкта мени алып бараткан айдоочунун күнөөсү жок, күнөө жолдун ортосуна тракторун калтырып салган айдоочуда",- деди.