Учурда Нарын облусунда 127 китепкана бар, тактап айтканда, 1 облустук, 5 райондук, 4 шаардык, 4 балдар, 113 айылдык китепкана калкка кызмат көрсөтөт. Сагынбай Орозбаков атындагы облустук китепкананын жетекчиси Замира Токторбаеванын айтымында, 2012-жылы бул китепканага адабий жанрдагы 1 миң 263 даана китеп, 131 даана аудио-видеоматериалдар алынып келинди. Былтыр бул китепканада окурмандардын саны 14 миң 812 адамга жеткендиги белгилүү болду.