Базар-Коргон районунун 19 жаштагы тургуну унаа уурдоо фактысына шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 5-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине аталган райондун тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам унаасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары ошол эле райондун 19 жаштагы тургуну кармалган. Кылмышка шектүү унааны уурдап качып баратып жол кырсыгына кабылган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.