Бишкектин вице-мэри: "Эки жылдын ичинде Бишкек шаарынын бюджети 2 миллиард сомго өстү"

"Эки жылдын ичинде Бишкек шаарынын бюджети 2 миллиард сомго өстү". Бул тууралуу бүгүн, 30-январда шаардын вице-мэри Мурат Исмаилов билдирди. Маалым болгондой, 2010-жылы борбордун бюджети 4 миллиард 457 миллион сом, 2011-жылы 4 миллиард 786 миллион сом болсо, 2012-жылы 6 миллиард 383 миллион сомду түзгөн. “Шаардын бюджети өскөнү менен, чыгаша да ошончолук көп болуп жатат. Мисалы, билим берүү тармагынын чыгашасы 500 миллион сомго өстү. Саламаттыкты сактоо тармагына да акча көп жумшалууда. Ушинтип отуруп шаарды өнүктүрүүгө акча каралбай калып жатат”,- деди вице-мэр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан