Акыркы сутка ичинде республика аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, Ак-Суу районунда 1000 түк чөп күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 5-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Нарын облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ак-Суу районуна караштуу Жол-Колот айылындагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталган. Анын кесепетинен жыгач устундуу, калай жабылган, аянты 260 чарчы метр курулуш чарбасынын чатыры жана 1000 түк чөп күйүп кеткен. Ошондой эле Өзгөн районуна караштуу Кароол айылындагы үйлөрдүн биринин короосунан 4 тонна жыйылган чөп күйүп кеткен. Учурда өрттүн чыгышына эмне себеп болгондугу такталууда.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан