6-ноябрда Бишкектеги Улуттук илимдер академиясынын чакан залында улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына карата “Саякбай Каралаев - XX кылымдын алп манасчысы” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясы жана Саякбай Каралаевдин вариантындагы “Манас” эпосунун үчилтигинин бет ачар аземи өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган академиядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, Кыргыз улуттук академиясы өз учурунда улуу манасчы С.Каралаевдин айтуусундагы “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” эпосторун жана башка чыгармаларды жазып алган. С.Каралаев убагында Кыргыз илимдер академиясы менен тыгыз байланышта болгон. Академик Абдылдажан Акматалиев, манас таануучулар Айнек Жайнакова жана Рыскул Сарыпбеков даярдаган кол жазма “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” эпостору басылып, окурмандардын колуна тийген. Баш сөз катары улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Манас” эпосу жөнүндө ой-толгоосу берилген. КРнын Президенти А.Атамбаев эпостордун басылып чыгышын өз убагында куттуктап, түзүүчү жана басма кызматкерлерине материалдык колдоо көрсөткөн. Бүгүнкү күнү Саякбай Каралаевдин “Манас” эпосунун үчилтигинин кол жазмаларынын академиялык басылышы даярдалып жатат.
Иш-чаранын жүрүшүндө Малайзиянын окумуштуулары менен телекөпүрө өткөрүлөт.