Сокулук районунун тургуну таап алган ок атуучу куралын милиция кызматкерлерине тапшырды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган райондун Төш-Булак айылынын 55 жаштагы К.А. аттуу тургуну ИЖ-16 мылтыгын айыл четинен таап алган. Кийин кылмыш жоопкерчилигине тартылбоо үчүн милиция кызматкерлерине тапшырган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.