Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады

Аламүдүн районунда жол кырсыгы катталып, 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Жол-кайгуул кызматынан бүгүн, 5-ноябрда билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы үч унаанын катышуусунда болгон. Анда эки унаа бетме-бет сүзүшүп, бири дагы бир унаага барып урунган. Мындан улам эки адам жабыркап, аймактык ооруканага жеткирилген. Алдын ала маалымат боюнча, унаалардын биринин айдоочусу мас абалында болгон. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан