Сокулук районуна караштуу Таш-Булак айылында “мал уурдаган” деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалым болгондой, милицияга арыз менен Таш-Булак айылынын 45 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 4-ноябрга караган түнү белгисиз адамдар сарайынан 80 миң сомго бааланган жылкысын уурдап кетишкенин айткан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары ошол эле айылдын 41 жаштагы А.Муса аттуу тургуну кармалган. Ага карата 165-берене (мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.