Өзгөчө кырдаалдар министринин басма сөз кызматы өткөн суткада Кыргызстанда 14 өрт кырсыгы катталганын билдирди. Маалыматка таянсак, Бишкекте 8, Ош шаарында жана Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында бирден өрт кырсыгы болду. Өрттүн кесепетинен адам өмүрүнө зыян келген учур болгон жок.