6-ноябрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 95 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чара орун алат.
Ага КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев, КРнын Президентинин аппаратынын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, аймактан келишкен саясий жана коомдук ишмерлер, мааракесин белгилеп жаткан Т.Усубалиев, анын үй-бүлөсү катышышат. Иш-чаранын жүрүшүндө Т.Усубалиевдин баскан жолу тууралуу даректүү тасма көрсөтүлөт.