Бишкекте Жашылдар партиясынын мүчөсү баңгизат менен кармалды

Бишкекте Жашылдар партиясынын мүчөсү, 28 жаштагы Тилек Сыдыков 2 килограммдан ашык баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, анын унаасын текшерүү учурунда 2 килограмм 387 грамм героин табылган. Кылмышка шектүү баңгизатын кымбат баалуу унаага алмаштырууну көздөгөн. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Ал эми кармалган жаран камакка алынды.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
_KipchaK_
2014-11-05 16:48:28
Байкуштарды жалган жалаа менен кыйкынтып аткан го.
+1
Legend3110
2014-11-05 16:49:59
оа ошентишет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан