Москвада кыргызстандык кыз жасалма документ менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, 19 жаштагы Ош облусунун тургунун текшерүү учурунда анын жанынан жумушка иштөөгө уруксат берүүчү жасалма пластик карта табылган. Кылмышка шектүү эч жакка чыкпоо каты менен үй камагына чыгарылды. Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.