“Алтын-Көл пансионаты” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директоруна кылмыш иши козголду

“Алтын-Көл пансионаты” мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деп шектелүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 5-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, аталган директор 2013-жылы казак турфирмаларынан келип түшкөн 400 миң сомго жакын акча каражатын өзүнө чегерип алган. Ошондой эле ал ишенип берилген мүлктөрдү жана жер тилкелерин сатуу боюнча да айыпталууда. Учурда мыйзамсыз иш-аракеттер боюнча жалпысынан 7 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан