
* Мындан 95 жыл мурун, 1919-жылы партиялык жана мамлекеттик ишмер
Турдакун Усубалиев Кочкор районунун Кочкор айылында туулган. Ал 24 жыл 5 ай 24 күн Кыргызстандагы Коммунисттик партиянын биринчи катчылык кызматын аткарып, бийлик мөөнөтүнүн узактыгы боюнча бүткүл союздук рекорд койгон.

* Мындан 76 жыл мурун, 1938-жылы акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист, кыргыз грамматикасын түзүүчүлөрдүн бири
Касым Тыныстановго чыгарылган өлүм жазасы ишке ашырылган.
1938-жылдын 5-ноябрында өткөн СССР Жогорку Аскердик сотунун жабык көчмө сессиясында Касым Тыныстановго 1921-жылдан баштап улутчул "Алаш-Ордо" уюму, андан кийин "буржуазиячыл-улутчул, диверсиячыл зыянкеч, чыккынчы террордук "Социал-Туран" партиясынын ана башчыларынын бири" деген айып коюлуп, атууга өкүм чыгарылган.
* Мындан 520 жыл мурун, 1494-жылы Европа тарыхында “Улуу Сулейман”, түрк тарыхында “Адилеттүү Сулейман” аты менен калган Осмон империясынын 10-султаны Сулейман I же Сулейман Кануни султан Селимдин үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Селим кайтыш болгон учурда Сулейман 26 жашта болгон жана ушул жашында баш-аягы жок чоң өлкөнү башкара баштаган. Ал аз эле жылдын аралыгында Европа өлкөлөрүнө өз өкүмүн жүргүзүүгө жетишкен. Бир канча жүрүштөрдү жасаган. Ошондой эле ал жалаң гана согуш иши менен алек болбостон, өлкөнүн социалдык абалына, маданиятына, курулуш архитектурасына да көңүл бөлгөн. Өзү мамлекет башчысы болгонуна карабастан, кол өнөрчүлүк менен да алектенген. Мыкты зергер жана сүрөтчү катары да элге белгилүү болгон. Сөзгө чечен гана болбостон, ыр да жазган. Анын доорунда өлкөдө бир канча көпүрөлөр, ак сарайлар, мечиттер курулган. Стамбулдагы чоңдугу боюнча экинчи орунду ээлеген "Сулаймание" мечити Осмон доорунун үлгүсүн камтыган мечит болуп эсептелет. Өзүнүн бир мүнөт убактысын да текке кетирбеген султан Сулейман айланасындагы душмандардын үшүн алып, аларды аны менен эсептешүүгө аргасыз кылып турган. 30 жыл ичинде өлкөнү болуп көрбөгөндөй өнүктүргөн султан Сулейман 1566-жылы 6-сентябрда кезектеги жортуулуна аттанып бараткан жеринен 71 жашында каза болгон.

* Мындан 26 жыл мурун, 1988-жылы австриялык ырчы
Кончита Вурст Австриянын Гмуден шаарында туулган. Анын өз аты-жөнү - Том Нойвирт. 2014-жылдын 10-майында Даниянын борбору Копенгаген шаарында "Евровидение-2014" эл аралык музыкалык сынагынын финалы болуп өткөн. 26 өлкөнүн таланттары ат салышкан сынактын калыстар тобу жана көрүүчүлөр жеңишти сахнага сакалчан аялдын образында чыккан австриялык ырчы Томас Нойвиртке ыйгарышкан. Ал Европаны "Rise like a Phoenix" ыры менен багынтып, 290 упай топтой алган.

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы швейцариялык эксперттер 2004-жылы көз жумган Палестина лидери
Ясир Арафаттын полонийден (радиоактивдүү химиялык элемент) ууланып өлгөнүн тастыкташкан. Экспертизаны Лозанна университетинин Радиациялык физика институтунун адистери жүргүзүп, жыйынтыгында Ясир Арафаттын денесинде полонийдин нормадан 18 эсе көп экени белгилүү болгон. Ясир Арафат 1929-жылы 24-августта туулган. 1969-жылдан өмүрүнүн аягына чейин Палестина боштондук кыймылын жетектеген. 1994-жылдан баштап Палестина улуттук администрациясынын төрагасы болгон. Арафаттын ден соолугу 1994-жылдын 28-октябрында кескин начарлай баштап, 2004-жылы 11-ноябрда Францияда көз жумган.