Бүгүн, 30-январда ЖКнын депутаты Асия Сасыкбаева маалымат жыйында “Кыргызстанда Ч.Айтматов атындагы үчүнчү эл аралык “Ысык-Көл” форуму өтөт” деп билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, ЖКнын депутаттары баштаган делегациянын Орусияга болгон иш сапары учурунда тегерек стол өтүп, анда аталган иш-чараны уюштуруу чечими кабыл алынган. Ошондой эле 2014-2015-жылдары Кыргызстанда Свердлов облусунун маданият күндөрүн жана Свердлов облусунда Кыргызстандын маданият күндөрүн уюштуруу тууралуу келишимдер түзүлгөнүн билдирди депутат.