Бүгүн, 5-ноябрда Бишкектеги Спорт Ордосунда ырчы
Мажит "20 жаш" аттуу жеке концертин берди. Концерт 1 саат кечигип көшөгөсүн ачса, көрүүчүлөр залдын 50 пайызын ээлешти.
20 жашка кадам таштап жаткан ырчы бул кечеде ыр сунуп тим болбой, куудулдук өнөрүн да көрсөттү. Ырчынын ар бир ырын "Береке" бий тобунун кыздары коштоп турушту. Концертте алып баруучулук милдетти Манас Алыкулов аркаласа, Мажитти куттуктаганы келишкен куудулдар Жакут Сыдыков, Тынар Курбаналиев, ырчылар Кубик Калыков, Ильяз Абдыразаков, Данияр Эрматов, Элиза Орозова, Өктөм Сапар уулу, Куба Айтбосунов, "Добулбас", "60 К" топтору, Мажиттин бир тууган агасы, актёр, ырчы Эрнис Бөрүбаев жана карындашы Сайкал Бөрүбаева өнөрлөрүн тартуулашты.