2012-жылы Кыргызстандын түрмөлөрүндө отурган жарандардан 3,5 миң уюлдук телефон алынды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Башкы оперативдик режим башкармалыгынын жетекчиси Орозбек Энтериев билдирди. Анын айтымында, быйыл Кыргызстандагы эң негизги 4 түрмөнүн камераларына видеокамералар коюлат. “Абактагы эркинен ажыратылган адамдардын телефон колдонуусун азайтуу кыйын. Бир телефонду 10 адам же 20 адам колдонушу мүмкүн. Ал эми аларга телефонду абактын тосмосунан ыргытып бергендер да бар. Ал тургай өзүбүздүн эле кызматкерлер уюлдук телефон берген фактылар катталып, буга байланыштуу 17 кызматкер кызматтан алынган” деди Энтериев.