Каракол шаарында унаа уурдоо фактысына шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө 44 жаштагы С.Жеңишбек арыз менен кайрылып, көп кабаттуу үйлөрдүн жанына токтотуп койгон Тойота Камри үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз адамдар уурдап кеткендиги жөнүндө кабарлаган. Бул боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 19 жана 22 жаштагы Каракол шаарынын жашоочулары кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.