Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 60 жылдыгына арналган китеп жарык көрдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын 60 жылдыгына арналган китеп жарыкка чыкты. Бул тууралуу аталган академиядан 5-ноябрда билдиришти. Маалым болгондой, китепке Улуттук илимдер академиясынын ачылыш тарыхы, алгачкы институттар, кыргыз элинин алгачкы окумуштуулары, мамлекеттин түптөлүшүнө илимий мекеменин кылган таасири, салымы, илимий ачылыштар жана алардын дүйнө илиминдеги орду камтылган.

Ошондой эле академиянын бөлүмдөрүндөгү жана илимий мекемелеринин эмгектеринин жыйынтыктары жана перспективалары, Кыргызстандын академиялык илимдин өнүгүүсүндөгү негизги учурлары чагылдырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан