Казакстандагы авиакырсыктан каза болгондордун ичинде кыргызстандык жаран да бар

Казакстандагы авиакырсыктан каза болгондордун ичинде кыргызстандык жаран да бар. Ал Бишкек шаарынын тургуну 35 жаштагы Акрам Низамов. Бул маалыматты кырсыкка кабылган учак тиешелүү болгон “SCAT” авиакомпаниясынын басма сөз кызматы жарыялады. Айта кетсек, 29-январда Алматы шаарына жакын жерде казакстандык учак жерге кулап, окуядан 21 адам каза тапкан. "SCAT" авиакомпаниясына таандык Chellenger-200 учагы бул күнү Кокшетау - Алматы багытында учуп келе жатып кырсыкка кабылган. Учакта 16 жүргүнчү жана экипаждын 5 кызматкери болгон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан