Кыргызстан 2012-жылы 1,5 миллиард кВт саат электр энергиясын экспорттоду. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлиги маалымдады. Белгилүү болгондой, былтыр Казакстанга 1 миллиард 269,7 миллион кВт саат, Өзбекстанга 231,5 миллион кВт саат, Кытайга 600 миң кВт саат электр энергиясы экспорттолду.
Өткөн жылы өлкөдө 14,99 миллиард кВт саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Бул 2011-жылга салыштырмалуу 0,2 пайызга көп.