Бүгүн, 30-январда Чүй облусундагы Орловка шаарынын мэри болуп шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясынын өкүлү Жумгал Дүйшөбаев шайланды. Бул тууралуу Кемин райондук аймактык шайлоо комиссиясы билдирди. Маалыматка ылайык, Дүйшөбаевге шаардык кеңештеги 21 депутаттын ичинен 11 депутат добуш берген. Калган 10 депутат “Республика” фракциясы сунуштаган талапкер Кенжебек Мамаевге добуш беришти.