“Чалдыбар-унаа жол” көзөмөл өткөрүү бекетинде Бишкектен Шымкентке багыт алган жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус текшерүүгө алынган. Анын натыйжасында азык-түлүк салынган баштыктын ичинен 115 грамм баңгизат табылган. Баштык 3 казак жаранына тиешелүү болгон. Бул тууралуу Чек ара кызматынан бүгүн, 6-ноябрда билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган 3 жаран боюнча тиешелүү документтер толтурулуп, Панфилов райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.