Депутат Өмүрбек Текебаев демилгелеген "Сүткорлук ишке чек коюу тууралуу" мыйзам долбоору парламентте 1-окууда жактырылды. Бул мыйзам кредиттик компаниялар тарабынан берилип жаткан насыялардын пайыздык ченин 40тан ашырбоого багытталган. Өмүрбек Текебаев талкуу учурунда "азыр үйлөнүү тойлоруна насыяга акча бере турган уюмдар көбөйүп кетти. Баласынын тою үчүн акчага муктаж болуп турган ата-эне кантип мындай сунуштан баш тартмак эле? Францияда жакшы мыйзам бар. Эгер адам акчага аябай муктаж болуп турган учурдан пайдаланып ага жогорку пайыздык насыя берген тарап жоопко тартылат. Кредиттик компаниялардын ишин чектөө зарыл, бирок буга аталган компаниялар каршы" деди Текебаев.