Депутат Урмат Аманбаева: "Мага кылмыш ишинин козголушу негизсиз" (депутаттын кайрылуусу)

“Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева парламент төрагасына жана депутаттарына кайрылуу жолдоду. Бул кайрылууну бүгүн, 6-ноябрда депутат өзү коомчулукка жарыялады. 

Аманбаеванын кайрылуусунда булар айтылат:

“Мен, Аманбаева Урмат Абилашимовна, башкы прокурор Аида Салянованын түздөн-түз көрсөтмөсү менен мага карата Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгүн (коррупция) колдонуп кылмыш ишин козгогонун негизсиз жана мыйзамсыз деп эсептейм. Анткени, бул беренеде белгиленгендей, мен Жогорку Кеңештин депутаты болгуча эч чоң таасирге ээ болгудай мамлекеттик кызмат ордун ээлеген эмесмин. 2010-жылдын октябрь айынан тарта Ош облустук кургак учук борборунун башкы эсепчи кызматында иштебейм. Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин 303-беренесин колдонуу максатында мага күнөөнү көз көрүнө, атайылап жогорулатып, Кыргыз Республикасынын Конституциясын одоно бузууга аракет жасаган. Башкы прокурор Салянованын мындай аракетин менин иним, акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин ага карата мыйзамдуу аракетине жооп катары, же болбосо иниси үчүн эжесинен өч алуу максатында жасаган жосунсуз аракети катары кабыл алам. Акыйкатчы институту тарабынан өлкө жарандарына карата Салянованын мыйзамсыз чечимдери аныкталып, ал чечимдер Бишкек шаарынын райондук жана шаардык сотунда иликтенип, жокко чыгарылган өкүмдөрүнөн кийин ал менин депутаттык мезгилиме чейинки ишмердигимди текшерүүгө ала баштады. Алгачкы жиберген тергөөчү тобу эч кандай кылмыштуулуктун белгисин, мыйзам бузуу фактыларын таба албагандыгы үчүн бул тергөөчү топтун жетекчиси Талас облусунун тергөө бөлүмүнүн башчысы Мирлан Майсаловду кызматтан мыйзамсыз кетирген. Мирлан Майсалов башкы прокурордун мындай аракетин сотко берип, учурда сот жараяны уланууда. Андан соң Аида Салянова экинчи жолу тергөө тобун түзүп, аларга башкы прокурор “У.Аманбаевага кылмыш ишин козгоочу фактыларды таба албасаңар, силер дагы кызматыңардан айрыласыңар, мени менен соттошуп утуп алган акыйкатчы эжеси үчүн менин алдымда чөгөлөшү керек” деген истерикага түшүүсү бизге дароо эле маалым болгон. Текшерүү учурунда Кургак учук борборунун медайымдарын, айрым кызматкерлерин коркутуу ыкмалары колдонулгандыгы маалым болууда. Кыскасы, башкы прокурордун мага карата кылмыш козгоосу мыйзамсыз жана далилсиз куру жалаа.     

Биринчиден, Кылмыш кодексинин коррупция беренесин колдонуп кылмыш ишин козгогудай мен кандайдыр бир өзгөчөлөнгөн ыйгарым укуктарга ээ болгон жогорку мамлекеттик же муниципалдык кызматта болгон эмесмин жана бул учурда мага карата Кылмыш кодексинин аталган беренеси туура эмес колдонулган.  

Экинчиден, Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө кылмыш иши 2009-жылдан 2013-жылдары жасалгандыгы тууралуу жазылган. Иш жүзүндө, мен жогоруда айтып өткөндөй, 2010-жылдын октябрь айынан тарта аталган кызматты ээлеген эмесмин жана Жогорку Кеңештин депутаты болуп ийгиликтүү иштеп келем.

Ал эми А.Салянованын башкы прокурор убагында жогорку кызматтагыларга, айрым депутаттарга козгогон кылмыш иштеринин сабатсыздыгы соттук териштирүү учурунда ашкереленип, далилденбей, алар акталып чыкканы коомчулукка белгилүү. Бул жолу да менин актыгымды, аны далилдеген өз учурундагы Эсеп палатасынын, Каржы полициясынын жана башкы прокурор тарабынан алгачкы жолу жиберилген тергөөчүлөр тобунун тыкыр иликтөөлөрү ырастайт. Жалпы элимдин алдында менин жүзүм жарык, чындык ийилет, бирок сынбайт.

Башкы прокурор Аида Салянованын жеке кызыкчылыгы үчүн жасаган аракети ашкереленип, буга чейинки мыйзамсыз жосундары, 2010-жылдын 6-7-апрелинде Жалал-Абад облусунун аймагында бирге болгон Акмат Бакиевди жашыруун качыргандыгы, кыргыз жигиттеринин кулагын кесип, мамлекеттик кызматчыларды мыкаачылык менен өлтүргөн Азиз Батукаевге адвокаттык кылгандыгы үчүн, автоунаасын мыйзам чегинде токтоткон МАИ кызматкерлеринен өч алуу үчүн кызматынан кыянаттык пайдаланганы боюнча эл алдында сөзсүз жооп берүүчү учур келет”. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан