Орусияда белгилүү актёр Алексей Девотченконун жансыз денеси табылды

"Улицы разбитых фонарей", "Бандитский Петербург" жана "Убойная сила" сыяктуу кино жана телесериалдарда ролдорду жараткан 49 жаштагы актёр Алексей Девотченконун жансыз денеси Москвадагы батиринен табылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алексей Девотченконун сөөгү ижарага алган батиринен 5-ноябрда табылган. Алгач анын өлүмү криминалдык мүнөзгө ээ экени айтылган. Бирок кийинчерээк "ал жүрөгү кармап каза болушу мүмкүн" деген маалымат тараган.

Белгилүү болгондой, акыркы учурда белгилүү актёр Кремлди сындап жүргөн. Ошондой эле акциялардын биринде Украинадагы кырдаалга байланыштуу Орусияны сындап, өкмөткө каршы сөз сүйлөгөнү айтылууда. Ал 2010-жылы Владимир Путинди өкмөт башчылыктан кетүү талабы менен чыккан петицияга кошулганы да маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан