Иш-чаранын алкагында муфтийдин орун басары Равшан ажы Эратов экстремизм-терроризмдин алдын алуу максатында бир катар лекцияларды окумакчы. Ошондой эле адашуу, туура эмес багыттагы терс агымдардан коргоо боюнча кеңири маалымат берилет.
Семинарга жергиликтүү УКМКнын, ИИМдин, КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү катышат.