Ош шаарынын калкынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу үчүн керектүү жабдуулар тапшырылды

Кечээ, 6-ноябрда КРнын Мамлекеттик каттоо кызматы Ош шаарынын калкынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча 20 стационардык, 10 мобилдик пунктка атайын жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага шаар мэри Айтмамат Кадырбаев баш болгон жергиликтүү бийликтин жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышышты.

Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев биометрикалык маалыматтарды чогултуунун мааниси абдан зор экенин белгилеп, 16 жаштан жогорку курактагы 284 миң шайлоо укугуна ээ шаардык тургундардын маалыматтары чогултуларын айтты. Жергиликтүү калктын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча КРнын Өкмөтүнүн тездетилген иш-чараларынын планы жана Республикалык штабдын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө Ош шаардык паспорт-визалык жана жарандарды каттоо бөлүмүнүн башчысы Ринат Алиев маалымат берди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан