Республикалык СПИД борбору маалымдагандай, 1-ноябрга карата ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны 5642 адамды түзгөн.
Белгилүү болгондой, ушул эле жылдын 1-сентябрына карата ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны 5537 адамды түзүп, 2 айдын ичинде аталган илдетти 105 адам жуктурган. Буга чейин СПИД илдетинен 328 адам каза тапса, ВИЧ илдетинен 1040 адам каза тапканы белгилүү.
Маалым болгондой, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны боюнча төмөн көрсөткүчтө. Тилекке каршы, аталган илдетке чалдыккандардын саны ай санап өсүүдө. Алардын көбү баңгизат колдонуучулары болуп саналат, кийинки орунда жыныстык жол аркылуу жуктургандар турат.