Жылнаама, 8-ноябрь: Мындан 40 жыл мурун иллюзионист, гипнозчу жана психиатр Вольф Мессинг каза болгон

* Мындан 221 жыл мурун, 1793-жылы Париждеги Лувр музейи биринчи жолу эшигин көрүүчүлөргө ачкан. Музей түзүлгөн кезде падышалык коллекциянын саны 2500дү түзгөн. Учурда музейде 300 000 экспонат болсо, залга дамамат 35 000дейи гана коюлат. Калган экспонаттар 3 ай көрүүчүлөргө сунушталгандан соң атайын жайларда сакталат. Муну жарыктан улам сүрөттөгү боёктордун өчпөшү жана буюмдардын бузулган жерлери болсо, калыбына келтирүү үчүн камкордук деп түшүнүүгө болот. Экспонаттар төмөндөгүдөй коллекцияларга бөлүнөт: Байыркы Чыгыш, Байыркы Египет, Байыркы Греция, ислам искусствосу, айкелдер, искусство буюмдары, көркөм сүрөт искусствосу, графикалык искусство, тематикалык экспозиция, хронологиялык экспозиция. Луврдагы белгилүү экспонаттардын катарына Леонардо да Винчинин “Жоконда” (“Мона Лиза”) баш болгон көптөгөн чыгармалары, Рембрандттын, Рафаэлдин сүрөттөрү, Хаммурапинин (Вавилониянын падышасы) мыйзамдар жыйнагы жана башкалар кирет.
 
* Мындан 68 жыл мурун, 1946-жылы көп командалар менен ийгилик жаратып кеңири таанылган голландиялык футбол машыктыруучусу Гус Хиддинк Нидерландынын Варссевелд шаарында туулган. Гус 12 жашында жергиликтүү клуб – "Варссевелддин" футболдук академиясына окууга кирген. 21 жашында голландиялык “Де Графсхап” клубу менен профессионалдык келишимге кол коёт. Ошентип, чоң футболго жол ачылганда ал ПСВ, НЕК жана Американын “Вашингтон Дипломатс”, “Сан-Хосе Эртквейкс” клубдарында ойногон. 1979-жылы Дене тарбия институтун аяктап, мектепте сабак бере баштаган. Хиддинк 1981-жылы алгачкы клубу “Де Графсхапка” кайтат да, ойноочу-машыктыруучу (бир эле учурда машыктыруучунун да, оюнчунун да ролун аткарат) болуп калган. Көп өтпөй ПСВнын машыктыруучулар кеңешине кирип, 1987-жылы клубга башкы машыктыруучунун ордуна дайындалган. Алгачкы сезонунда эле Чемпиондор Лигасын жана өлкө чемпиондугун утуп, өзүнүн мыктылыгын көргөзө алган Гус кийин Түркиянын “Фенербахче”, Испаниянын “Валенсия”, “Реал”, “Бетис” сыяктуу клубдарында ийгиликтүү иш алып барган.
* Мындан 40 жыл мурун, 1974-жылы иллюзионист, гипнозчу жана психиатр Вольф Мессинг көпкө созулган оорудан кийин 75 жашында каза болгон. Вольф Мессингде өз денесин каалагандай башкара ала турган касиети, адамдын оюн айттырбай окуй ала турган таланты болгон. 1930-жылдары бүт дүйнөгө атагы чыгып калган окумуштуу физик Альберт Эйнштейн Вольфтун талантына кызыгып, Зигмунд Фрейд экөө конокко чакырышат. Эйнштейн текшерип көрүү максатта ичинен Вольф Мессингге тапшырма берет. Ал ошол замат Эйнштейндин оюн аткарат. Буга таң калган Фрейд ой менен скрипканы алып, Эйнштейнге берүүсүн өтүнөт, Мессинг муну да дароо түшүнүп скрипканы Эйнштейнге сунат. Вольф Мессингдин мындай талантын эки окумуштуу жогору баалашкан. 
8-ноябрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан