Бишкек шаарындагы Мурас-Ордо жана Ак-Босого конуштарына жаңы мектептер курулат. Мындай чечим Биринчи Май райондук администрациясы тарабынан кабыл алынганын 7-ноябрда Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы билдирди. Жаңы мектептер 960 окуучуга ылайыкташат. Мектептер курула турган жер аныкталып, инвестор табылганы айтылды. Тийиштүү документтер Бишкек шаардык кеңешинин сессиясына киргизүүгө даярдалууда.