Чоң-Кемин өрөөнүндө Шабдан баатырдын 175 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн бүгүн, 8-ноябрда билдиришти.
Иш-чарага катышкан өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү Канатбек Исаев кыргыз мамлекетинин түптөлүшүндө Шабдан баатырдын орду чоң экенин белгилеп, дайым элдин эсинде сакталып каларын айтты.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө улуттук ат оюндары боюнча мелдештер уюштурулган.