Кемин районунда "кой кайтарганы чыккан боюнча дайынсыз" деп изделип жаткан 8 жаштагы 2 бала табылды

Кемин районунда "кой кайтарганы чыккан боюнча дайынсыз" деп изделип жаткан 8 жаштагы эки бала табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 7-ноябрь күнү 2006-жылы туулган эки бала кой кайтарганы чыгышкан. Бирок кечке жуук койлор келип, тиги эки бала үйүнө келишкен эмес. Мындан улам ата-энеси милицияга кайрылган. Аларды издөөгө куткаруучулар, айыл тургундары, милиция кызматкерлери тартылган. Бактыга жараша, изделип жаткан 2 бала ошол эле күнү аман-эсен табылган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
demo009
2014-11-08 18:41:20
ойноп журуп алган да,кудайга шугур табылганына.
+2
Dasmond
2014-11-08 22:12:57
Кичине балдарга да кой кайтартмак беле???
0
sezim1111
2014-11-08 22:48:26
сегиз жашта болсо койду балдар кайтарабы же тескеринче кой балдарды кайтарабы жаш балдарды неге кой кайтартат
0
tynara81
2014-11-09 11:08:24
sezim1111, ошону айтам да. Мен 8 жаштагы баламды айылдагы эле магазинге чыгаргандан корком.
+1
BEK85
2014-11-09 11:46:01
8 жашында кой кайтарбаса, 18 жашында кой кайтарабы?
+1
faha
2014-11-09 15:17:31
Kudayga shugur, aman bolgonuna shugur...
0
Gulnara1986
2014-11-09 16:37:16
бизде айылда ошондой иш коооооп бармактай балдардан баштап кемпир чалдарга чейин иш кылышат шаар дейсинерби газга чайды коюп путту асыыып жаткыдай.
+1
tynara81
2014-11-09 17:03:21
Gulnara1986, азыр Ош тарапта балдарды уурдап, органдарын сатып жатыптыр деген сөз тарап, балдарды мектепке жалгыз жибербей атышат.
Мен деле айылда жашайм, 8 жаштагы балам 2- класста окуйт. Өзүбүз Россиядабыз, кайнатамдаг сурангам, мектепке алып барып, алып келип тургула деп. Минимум 10 жаштан жогоруларды жумшаш керек талаа жакка.
0
admin_portal
2014-11-10 11:12:58
beko-S - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан