Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары Жогорку Сотко арыз жолдошту

Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги “Өнүгүү” партиясынын депутаттары шаардык кеңештин биринчи жыйынынын чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко арыз жибергени белгилүү болду. Маалыматка ылайык, алар бул маселе боюнча шаардык сотко, райондор аралык сотко, облустук сотко да кайрылышып, соттор бул маселени чечүүгө укуктары жок экендигин айтышкан. Айта кетсек, Жалал-Абад шаардык кеңешинин биринчи жыйынында шаардык кеңештин төрагасы болуп Мурат Тагаев шайланган. Шаардык кеңештеги “Биримдик” көпчүлүк коалициясы менен “Ак ниет” азчылык коалициясынын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Мындан улам 28-январда Жалал-Абад шаарынын мэри шайланбай калды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан