Украинадан Орусияга тоту куштардын ири партиясын алып өтүүгө аракет кылган кыргызстандык 3 жаран кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары бүгүн, 8-ноябрда жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, инспекторлор тарабынан Украинадан Орусияга келе жаткан Хонда унаасы токтотулган. Аны текшерүү учурунда эч кандай документтери жок 248 баш тоту куш табылган.
“Учурда жүк Украинанын аймагына кайра жөнөтүлдү. Алардын ээлерине администрациялык чара колдонулат” деп жазылат маалыматта.