Бишкек-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, автокырсык 9-ноябрда саат 21:35 чамасында Кочкор районундагы Теңдик айылында болуп, айдоочу унаасы менен жылкыны сүзүп кеткен. ӨКМнын аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жол
кырсыктын кесепетинен жабыркаган 6 адамга алгачкы медициналык жардам
көрсөтүшүп, "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен жана ооруканага
жеткиришкен.