Ысык-Көл облусунда “каракчылык жасаган” деген шек менен мурда тоноочулук жана уурдоо фактылары боюнча соттолгон жергиликтүү 3 тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Облустук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен Теплоключенка айылынын тургуну, 37 жаштагы Р.Чолпон аттуу аял кайрылган. Ал 8-ноябрда саат 22:00 чамасында белгисиз 3 адам бет капчан үйүнө кирип, бычак менен коркутуп 8000 сом акчасын, алтын буюмдарын, компьютердик техникаларын алып кеткендигин айткан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары ошол эле айылдын 21 жаштагы тургуну Ж. уулу Самат, 23 жаштагы Т. уулу Талантбек жана 16 жаштагы К. уулу Эрмек кармалды.
Кылмышка шектүүлөрдөн далил заттар алынып, алар өз күнөөлөрүн моюндарына алышты. Учурда "каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды.