Өмүрбек Текебаев: "Бишкектин четиндеги жаңы конуштарга барсаң, Алайга баргандай болосуң"

"Бишкекти туурасынан эмес, бийиктикти көздөй өстүрүү керек" деди депутат Өмүрбек Текебаев ЖКнын бүгүнкү, 30-январдагы жыйынында. Анын айтымында, Бишкек менен Ош шаарларына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулушу кажет. "Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын тургундары "келгиндер" жана "тургундар" болуп экиге бөлүнүп калды. Биз муну жоюп, бардык жарандарга бирдей шарт түзүүнү пландап жатабыз. Азыр шаарда каттоосу жок жарандарга кыйынчылыктар көп. Жаңы конуштарга барып калсаң, Алайдын айылына баргандай болосуң. Биз жаңы конуштарды шаар менен бирдей деңгээлге жеткиришибиз керек" деди депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан