Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмү жиберилген. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө жайгашкан “Лавр-Проектстрой” ЖЧКсы тарабынан жаңы салынып жаткан көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыккан. Курулуш иштери жүрүп жаткан үйдүн аймагында 10 чарчы метр темир вагондун ичиндеги буюмдар жана курулуш калдыктары күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Ошондой эле борбордогу Семипалатинск көчөсүндөгү турак үйлөрдүн биринен 3 терезе, 2 эшик жана 80 чарчы метр таштанды күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуу себеби электр жабдууларын куроо эрежесинин бузулушунан улам болгон.