29-январда экс-президент Курманбек Бакиевдин санаалашы деп айтылып жүргөн Пайзулла Рахманов Казакстандан Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Айта кетсек, Рахманов КРнын Укук коргоо органдары тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн. Ал "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда. Эскертсек, 2012-жылдын 15-июнунда Рахманов Казакстандын Жамбыл облусунда кармалганда ал Беларустун жараны Пазылы Ташбаев экендигин күбөлөндүргөн паспорт көргөзгөн. Рахманов Бишкектеги №1-СИЗОго камакка алынды. Ага карата козголгон кылмыш ишин УКМК иликтөөдө.