Бишкекте Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Касымалы Жантөшевдин 110 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкектеги Улуттук китепканада Кыргыз Эл жазуучусу, драматург Касымалы Жантөшевдин 110 жылдыгы белгиленет. Аталган китепканадан билдиришкендей, иш-чарада илимий-практикалык конференция жана К.Жантөшевдин тандалып алынган чыгармаларынын 5 томдук китебинин бет ачары болот. Ошондой эле “Калк кадырлаган талант” аталышындагы китеп көргөзмөсү ачылат. Анда жазуучунун жана драматургдун басып өткөн жолу жазылган гезиттердин, журналдардын макалалары коюлат. 

Касымалы Жантөшев 1904-жылы Түп районунун Тепке айылында туулган. Фрунзедеги педтехникумду бүтүргөн. Чыгармачылык жолу ырлар жана пьесаларды жазуу менен башталган. “Карачач, Алым жана Мария, Дар-даш, Өч, Эл ырчысы пьесалары, Курманбек драмасын жазган. Ошондой эле Хан-теңирлик чабан, Каныбек романдарын жараткан. Эки жолу Ардак белгиси ордени, медалдар, Жогорку Советтин Ардак грамоталары менен сыйланган. Ысык-Көл облустук драма театрына анын аты берилген. 1968-жылы 64 жаш курагында дүйнө салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан